Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Көлөкөлөп көңүл ачарым, Берекелеп жарпым жазарым. Бал татыган балдыр тили бар, Балам бактым, балам базарым Алдей ай, бөпөм ай, Балам бактым, балам базарым Катылган сыр, ойду ачарым, Каткырыгың көңүл ачарым. Картайганда арка-бел болор, Кагылайын, орун басарым. Алдей ай, бөпөм ай, Кагылайын, орун басарым Көңүл төтө кылган медерим, Көзүмдөгү эки карегим, Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык, Кандан чыккан, асыл данегим. Алдей ай, бөпөм ай, Кандан чыккан, асыл данегим.
Арсен — Балама
«Балама» — Арсен. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:27. Жанр — Поп.
