Текст песни
Сөздөрүм мага гана тиешелүү Аңгемемди түшүнгөндөр түшүнөт Аз болсо дагы берекелүү Боло берсин ар бир өткөн мүнөт Кайран балалыгым Көз ачып-жумганча жетилип чоңойдум Кайда баратамын? Керексиз адатымды кайрадан койбодум Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн Талашып, тартышып, адашып бир Жарашып, ажырашып — баары бир Сыртынан жалтырак, ичинен кир Душманым — өзүм, душманым — тил Ичимдеги дартымды эч кимге айтпадым Тамашалап чын айтсам кээ бирине жакпады Убадасын бергендер кайтпады Кайтпады, дайнын айтпады Бишкегим — кара түтүн Таңдар атып кайрадан батты күн Жашоодо баары түркүн Айтор Башоту — баары мүмкүн Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн
FREEMAN 996 — Түтүн
«Түтүн» — FREEMAN 996. Читайте текст песни и подпевайте с караоке-подсветкой: строки текста подсвечиваются в такт музыке. Слушайте онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 2:03. Жанр — Рэп и хип-хоп.
