Текст песни
Кимдир бирөө өзүн-өзүн тапкандыр Кимдир бирөө азаптарды тарткандыр Кимдир бирөө татаал жолду баскандыр Кимдир бирөө ырыскысын чачкандыр Кимдир бирөө байлыктарын каткандыр Кимдир бирөө акыйкатты ачкандыр А кимдир бирөө санаа, ойго баткандыр А кимдир бирөө сабыр менен уткандыр Кимдир бирөө акты жактап жыккандыр Кимдир бирөө сүйүү даамын таткандыр Кимдир бирөө ден соолукка муктаждыр А кимдир бирөө бала эңсеп жаткандыр Жол бир деңиздей Жол бир деңиздей Бир эле кемеде бараткансып барыбыз Толкундар ар башка урса да Тагдырлар ар жээкке тартса да Жол бир деңиздей Жол бир деңиздей Бир багытты көздөгөнсүп баарыбыз Дүйнө канча кенен болсо да Өмүр канча ширин болсо да Кимдер бирөө үйүн эңсеп жаткандыр Кимдер бирөө карыздарын жапкандыр Кимдер бирөө элге кызмат кылгандыр А кимдер бирөө шүгүр деп жашагандыр А кимдер бирөө эки жүздүү адамдыр Кимдер бирөө кара ниет, начардыр А кимдир бирөө көралбастык кылгандыр А кимдер бирөө мээримдүү эң кымбаттыр А кимдер бирөө кур дооматтан кеткендир А кимдер бирөө максатына жеткендир А кимдер бирөө таарынчын кечкендир А кимдир бирөө чын баркыңды сезгендир Кимдир бирөөнүн бирөөгө жакшылыгы жеткендир Кимдир бирөөнүн жаман иши кайтып келгендир Кимдир бирөө бирөөнүн оозун акча менен жапкандыр Жол бир деңиздей Жол бир деңиздей Бир эле кемеде бараткансып барыбыз Толкундар ар башка урса да Тагдырлар ар жээкке тартса да Жол бир деңиздей Жол бир деңиздей Бир эле багытты көздөгөнсүп баарыбыз Дүйнө канча кенен болсо да Өмүр канча ширин болсо да Бир кемеде бараткансып барыбыз!
Мирбек Атабеков — Кимдир бирөө
«Кимдир бирөө» — Мирбек Атабеков. Читайте текст песни и подпевайте с караоке-подсветкой: строки текста подсвечиваются в такт музыке. Слушайте онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:43. Жанр — Поп.
