Текст песни
Таң шооласы нур чачканда Тал-теректер бүр ачканда Кыр-кырлардан кол булгалап Кызгалдактар гүл ачканда Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Жылдыз көктө тагылганда Жылгадан суу агылганда Алтын сөйкө сыяктанып Ай кайрадан жаңырганда Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Дайра толкуп агылганда Дарак жоолук салынганда Санаам сары саман болуп Сага карай агылганда Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Алга сүрөп үмүт гана Алоолонуп күйүп-жана Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Бар-жогума кайыл болуп Барам сага, барам сага Барам сага, барам сага
Аваз Акимов, Айдана Дека — Барам сага
«Барам сага» — Аваз Акимов, Айдана Дека. Читайте текст песни и подпевайте с караоке-подсветкой: строки текста подсвечиваются в такт музыке. Слушайте онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:09. Жанр — Рэп и хип-хоп.
