Текст песни
Ушул дүйнө кең дүйнө да кең дүйнө. Телегеи тең дүйнө да тең дүйнө. Тең болсо да бул алам бирөөлөргө бирөөлөр Болуп жаткан, болуп жаткан, болуп жаткан жем Дүйнө. Бирөө тартса муң кайгы, бирөө көрдү жыр алды Жаратканым барсың го бул дүйнөнү, Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү баарына тең Кылып айбый. Чындык дүйнө бар дүйнө да бар дүйнө. Бирөөлөргө тар дүйнө да тар дүйнө. Бакыт конгон адамдар ушул дүйнө шан дүйнө. Сүйгөнүнө жетпегенге черкен дүйнө зар Дүйнө. Күйүп күйүп күл болом ичи тарды көргөндө. Көрсөм күйүп күл болом жакшы адамды бир араң Жер алдына, жер алдына Көнгөндө. Тирүүлүктө адамдар ай адамдар алга аласын Кадамдар ай кадамдар. Арабызда жок болсун ичи бузук арамдар. Ач көз акмак, ач көз акмак, ач көз акмак Сарандар. Бакыт болсо көп бөлү. Кайгы болсо чөк бөлү. Кагылайын адамзат өмүр өтүп бараат. Бул дүйнөдөн көңүл калып Өтпөйлө. Бакыт болсо көп бөлү да кайгы болсо чөк бөлү. Кагылайын адамзат өмүр өтүп бараат. Бул дүйнөдөн көңүл калып Өтпөйлө. Ушул дүйнө кең дүйнө да кең дүйнө.
Ишен Назаров — Кен дүйнө
«Кен дүйнө» — Ишен Назаров. Читайте текст песни и подпевайте с караоке-подсветкой: строки текста подсвечиваются в такт музыке. Слушайте онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:48. Жанр — Поп.
