Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Киндигимдин жаш каны Тамган жерим - айылым Балалыктын издери Калган жерим - айылым Боз ала чаң көчөңдүн Боз чымчыгың сагындым Чүкө ойноп өкчөгөн Чүрпөң болом, айылым Бар жашоомдун башаты Баркың билдим, айылым Эрке уулуң кечиргин Эгер болсо айыбым Ааламга жол өзүңдөн Башталат го, айылым Канатында жашоонун Калкып барат кайыгым Торгой сайрап үн салган Тоском аппак таңыңды Топурагың алтындан Тоонун желин сагындым Балалыктын бактысы Баары сенде, айылым Бата тилейм өзүңө Өчпөсө экен жарыгың Балалыктын сүйүүсү Сенде калган, айылым
Токтобек Асаналиев, Замир Арыкбаев, Султан Садыралиев — Айылым
«Айылым» — Токтобек Асаналиев, Замир Арыкбаев, Султан Садыралиев. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 4:13. Жанр — Поп.
