Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден Адашып, атаганат, баратабыз Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн Кайран кез, кандай сонун убак эле Сезимдер эңсөө төрөп турар эле Сагынып, самап келсем сапарымдан Саамайың саамал кымыз сыңар эле Башатын махабаттын чандыи беле? Байкабай капа кылып алдым беле? Болбосо боз уланга менден артык Бой салып, ашык болуп калдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык Бой салып, ашык болуп калдың беле? Көңүлдүн муз төрүнө бара электе Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе Жаркыным, суу куя көр сезимдерге Тамыры такыр кургап кала электе
Токтобек Асаналиев, Гүлжан Кулмамбетова — Кимибизден
«Кимибизден» — Токтобек Асаналиев, Гүлжан Кулмамбетова. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 4:08. Жанр — Поп.
