Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган Нурларынан курган кайран көпүрөм Бекемине күмөнсанап жаңылгам Өтүмү жок болгонума өкүнөм Кимге барып күйүтүмдү Кимге айтып өтүнөм? А-а-ай, о-о-ой Кимге айтып күйүтүмдү Кимге айтып күн-түнү Кимге айтып өтүнөм? Таңшыгыча табышмактуу таң сыры Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнүн Таба албайм кайрылганда айт чынын Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң Ала-Тоону көргөнү А-а-ай, о-о-ой Сагынганда бир келерсиң Эстегенде бир келерсиң Ала-Тоону көргөнү Кала берем мекенимде сени эстеп Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо Жалын бүрккөн үшкүрүгүм Жаңырыгы жарар зоо А-а-ай, о-о-ой Жалын бүрккөн үшкүрүгүм Жалын бүрккөн үшкүрүгүм Жаңырыгы жарар зоо Сагынганда бир келерсиң Саргайганда бир келерсиң Ала-Тоону көргөнү
Токтобек Асаналиев, Алтынбек Каленов, Данияр Каңдыбаев — Таң сыры
«Таң сыры» — Токтобек Асаналиев, Алтынбек Каленов, Данияр Каңдыбаев. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:00. Жанр — Поп.
