Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Түн. Жылдыз толгон айлуу түн Жаркыраган майрам күн Жүрөктөр кубанат Үмүттөр уланат Нур. Шоола болуп төгүлүп Кыялдардан өрүлүп Жомоктой ушул кеч Керемет көрүнүп Түн. Обон, күлкү жаңырган Жакындарың жаныңда Маанайың жарашып Таалайдын таңына Жан. Алоо болуп - жалында! Алтын өмүр барында Жаркыган бул кечте Майрамдын шаңында Ак тилектер себелеп күмүш кардай Ар бир жанга буйруган үлүш бардай Тилегибиз орундалсын Маанайыбыз таңдай жансын Жүрөктөрдө жагылсын, үмүт шамдай Кел. Терип сөздүн берметин Айтып өмүр термесин Жылдыздар жымыңдап Жаткансыйт ыр ырдап Ыр. Ушул кече жөнүндө Чырак болсун өмүргө Ырахат орносун Жүрөктүн төрүнө Ак тилектер себелеп Ак тилектер себелеп күмүш кардай Ар бир жанга буйруган үлүш бардай Тилегибиз орундалсын Маанайыбыз таңдай жансын Жүрөктөрдө жагылсын, үмүт шамдай Тилегибиз орундалсын Маанайыбыз таңдай жансын Жүрөктөрдө жагылсын, үмүт шамдай
Жамиля Муратова — Майрам ыры
«Майрам ыры» — Жамиля Муратова. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:58. Жанр — Поп.
