Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Эрмектеп жүргөн кезимде мага чалды президент. “Не үчүн кечээ күнү шайлоого келбедиң?” деп. Эжейим болсо бир жөн, агайым болсо бир жөн. Сабактардан пайда болсо шайлоонун кереги не? “Шайлоонун кереги не?”, жооптун баары менимче, Барбасаң да баргансып колуңду коюп бергениңде. Кызыкканда наристе сураштырат адистен, “Эмне мынча шайлоону күтөт ырдаган артисттер?”. Сен издеген акыйкаттын күндөрү жок бул жерде, Үйгө чейин барып сом сунуштап жатса элдерге, Жыргайсыңбы сени мал көрүп добушка чөп берсе? Эгер шайлоо чындап чечсе өзгөрүлмөк көп нерсе. Өзгөрүлмөк көп нерсе сөздөрүмдөн көп эсе. Талапкерлерден карапайым адам өтүп кетсе! Билими жок ооба, бирок акча эң алгачкы нерсе, Бийликтин туу чокусуна оңойураак жеткенге. Менин жеке оюм элиме, туура эмес дебегиле, Сиздердин ойуңуздарга кийлигишпейлемин мен. Туура эмес болсо, туура эмес ооба бир гана сиздерге, Бул нормалдуу эле нерсе, бир чечимге келбесек. Дегичекте эле бир мезгилде, мага чалды президент. “Не үчүн кечээ күнү шайлоого келбедиң?” деп. Эжейим болсо бир жөн, агайым болсо бир жөн. Сабактардан пайда болсо шайлоонун кереги не? Шайлоонун кереги бар, бирок таза өлкөдө, Алмашпаса добуштар мас кылган бөтөлкөгө. Шайлоонун кереги бар, чындык үчүн көбүнчө, Бир болгондо жарандар, бөлүнбөй өз өзүнчө! Бөлүнбөй өз өзүнчө, түштүк түндүк өзгөчө. Эмнеси жакшы бийлик башы баарын бирдей көрбөсө?! Жакындарын акырындан бир, бир, бирден өнөргөндө, Эң биринчи көнүп кетет кызматын көтөргөнгө! Шайлоонун кереги бар, акыйкаты бар кезде. “Шайлап койчу менин досум, тайкем, акем” дебесе. Шайлоонун кереги бар, таза аныктап бергенге, Андай болсо бул дүйнө “Тангалыштуу бирдеме”! Менин жеке оюм элиме, туура эмес дебегиле, Сиздердин ойуңуздарга кийлигишпейлемин мен. Туура эмес болсо, туура эмес ооба бир гана сиздерге, Бул нормалдуу эле нерсе, бир чечимге келбесек. Эрмектеп жүргөн кезимде мага чалды президент. “Не үчүн кечээ күнү шайлоого келбедиң?” деп. Эжейим болсо бир жөн, агайым болсо бир жөн. Сабактардан пайда болсо шайлоонун кереги не?
7Gen — Президент Bonus Track
«Президент Bonus Track» — 7Gen. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:21. Жанр — Рэп и хип-хоп.
