Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп Азыр кайда бир тууган, асылдарым Жүрөм баарың сагынып, куса болуп Бир тууганым, таянар асылдарым Аска-зоодой бел болор жакындарым Карааныңар дем болот кайда жүрсөм Амандыгың тилеймин баарыңардын Биз чоңоюп, балалык артта калып Ар кимибиз ар тарапка багыт алып Азыр ата-эне болуп калгансыңар Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып Күндөр улам зымырап өтүп барат Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат Сезимимди кусалык ээлеп алып Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап Бир тууганым, таянар асылдарым Аска-зоодой бел болор жакындарым Карааныңар дем болот кайда жүрсөм Амандыгың тилеймин баарыңардын Амандыгың тилеймин кымбаттарым
Шерзат Иминакун — Бир тууганым
«Бир тууганым» — Шерзат Иминакун. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 4:09. Жанр — Поп.
