Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Жагалмайдай кайкып учуп бара албай Жаш жүрөккө жагар дары таба албай Ак кептерим, түтөбөйүн арманга Кучак жайып, кумар жазып кала албай Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду Эч болбосо сен конуучу токойго Жаным, секет, жая албадым торумду Сен дегенде тура албаймын жай алып Келаткансып, эки жагым каранып Түшүмдө да карагайлуу булакта Булактайсың кундуз чачың таранып Күйсөң күй - деп кашты серпип күлгөнүң Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң Мынча неге түлкү куумай ойноттуң? Айтчы деги анык бекен сүйгөнүң? Мынча неге түлкү куумай ойноттуң? Айтчы деги анык бекен сүйгөнүң?
Жанар Туратова — Ак кептер
«Ак кептер» — Жанар Туратова. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 2:30. Жанр — Фолк.
