Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Көлдүн жээги бирге бастык салкындап ой Жайдар мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап Жумшак шамал бетти аймалап сыласа ой Майда толкун жээкке урунат шарпылдап Кошкун дедин көпкө чейин ай кол булгап Кете бердин параходдо ай Кете бердин параходдо калкылдап Эми алысмын куса болуп сагынам Бирок дагы бирге жүрөт тамашан Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги ой Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам Ашыктыгым ого бетер ай артылап Сагынганда сүрөтүнө ай Сагынганда сүрөтүнө карасам Ар бир кыял мүнөздөрүн көнүлдө Унутпастан ойлойм өзүн жөнүндө Сары алтын дейт түбү келип сабырдын ой Сагынуунун зардабына жеңилбе Аз күн калды жолугушчу ой убакыт Сен узаткан Ысык-Көлдүн ай Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде Аз кун калды жолугушчу ой убакыт Сен узаткан Ысык-Көлдүн ай Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде
Жанар Туратова — Жолугабыз аз күндө
«Жолугабыз аз күндө» — Жанар Туратова. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 4:13. Жанр — Фолк.
