Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Келдиңби сүйүү, айламды алты кетирип? Келдиңби акыр, ашууну ашып, кечигип? Кечиксең дагы, келгениң кандай зор бакыт? Келбеске кеткен, жаштыкка калдым, сүйүүгө калдым кезигип! Келдиңби сүйүү, эсимди эки оодарып? Эчаккы өчкөн сезимге кайра от жагып? Эскиртпейм сени, эскирсе мейли өмүрүм Эзиле жанып, эсимден танып, алоолоп күйөм тутанып! Келдиңби сүйүү, кедиңби сүйүү? Келчи кетсин кусалык?! Акылдан танып, алоолоп жанып, ансайын күйөм күч алып Келдиңби сүйүү, булбулум болуп сайраган? Тайманбай өтүп, ташкыны күчтүү дайрадан? Өзүмдү бүтүн өзүңө арнап өтөйүн Багыма келчи, бактыма келчи, шорума келбей кайрадан
Аксай Мукамбет уулу — Келдиңби сүйүү
«Келдиңби сүйүү» — Аксай Мукамбет уулу. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 4:17. Жанр — Поп.
