Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун Толкуса толкунуна тең ортокмун Турмушта канча жолдош күтсом дагы Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым Ырыма өзүң болдуң бел кылганым Күнүмдүн ичкен суудай берекеси Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың Ысык-Көл, сен ырыскым, сен жыргалым Ырыма өзүң болдуң бел кылганым Өзүнчө урматтуу бир салт экен го Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың Ысык-Көл, өзүң барда, мен да бармын Сен жарым, кереги не башка жардын Тагдырдын марттыгына мен ыраазы Бар тура, кубанаарым, мактанаарым
Курбанбай Эшим — Ыссык-Көл
«Ыссык-Көл» — Курбанбай Эшим. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 4:09. Жанр — Поп.
