Текст песни
Для этой песни доступен текст без караоке-подсветки.
Ыр деп апа кезип жүрөм ааламды Ырасында билбейм пайда табамбы Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи Доктур болбой ырчы болгон балаңды Күлчү апаке күлчү ошол керемет Күлкүңүздөн жазга айланып төгөрөк Азабыңдын актабасам бир күнүн Алдыңызга баш урайын чөгөлөп Бир үшкүрбөй азабыма чыдап миң Башка сиздей данаакерлик кылат ким? Сиз бар үчүн жер огунда айланып Сиз бар үчүн ааламыма чыгат күн Мен кыйналсам көздөн сызып ачуу жаш Мага сиздей бирөө күйүп жашыбас Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын Менин кылаар миң мээнетим татыбас Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп Жашысаңыз жаным кейип от болуп Аалам дагы кызык эмес апаке Аалам өзү кетет мага жок болуп Күлчү апаке күлчү ошол керемет Күлкүңүздөн жазга айланып төгөрөк Азабыңдын актабасам бир күнүн Алдыңызга баш урайын чөгөлөп Мен кыйналсам көздөн сызып ачуу жаш Мага сиздей бирөө күйүп жашыбас Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын Менин кылаар миң мээнетим татыбас Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын Менин кылаар миң мээнетим татыбас
Курбанбай Эшим — Күлчү, Апаке
«Күлчү, Апаке» — Курбанбай Эшим. Читайте текст песни, слушайте запись онлайн бесплатно или скачайте mp3. Длительность записи — 3:40. Жанр — Поп.
